Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

MegaCom: Убактылуу жаңы жетекчи дайындалды


Улутташтырылган мүлктү башкаруу фонду MegaCom уюлдук компаниясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Азамат Урбаевди дайындады. Буга чейин Урбаев ушул эле компанияда башкы директордун укук маселелери боюнча кеңешчиси болчу.

1-февралда сот MegaCom башкы директору Азамат Мурзалиевди, анын кеңешчиси Алмаз Абековду жана "Новострой сервис" уюмунун жетекчиси Кенжебек Аман уулун 31-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Алар коррупциялык жол менен мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. Азырынча иш сотко өтө элек, тергөө уланууда.

MegaCom компаниясынын ("Альфа Телеком" ачык акционердик коому) акцияларынын 49 пайызы апрел окуясынан кийин улутташтырылган. Калган 51 пайызына ээлик кылуучулар так аныктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG