Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жаңы-Жерде былтыр жаштардын ортосунда 12 мушташ катталган


2011-жылы Чүйдүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Западное, Восточное жана Жаңы-Жер айылдарында жаштар катышкан 12 мушташ катталган. Бул тууралуу 16-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов менен жолугушууда айыл башчысы Николай Сарыоглы айтты. Депутат ал айылга эл менен жолугушууга барган болчу. Жергиликтүү бийлик жана күч органдары бул чыр-чатактар "эркек балдар арасында ар дайым эле боло жүрчү уруш мүнөзүнө ээ экенин, улут аралык жаңжал болбогонун" айтып келишет. Бирок бейөкмөт уюмдардын айтымында, ар бир катталган факт улут аралык мүнөзгө ээ. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул айылда отуздан ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. (RK)

XS
SM
MD
LG