Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

УКМК жетекчиси Атахановдун кетишин талап кылган пикет өтүүдө


Ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атахановдун кызматтан кетишин талап кылган пикет өтүүдө. "Атаханов кетсин!" деген жазуу менен УКМК алдында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров турат. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "элиталык деп эсептелген бул мекемеде камалган адамдын өлүмүнө жол берилбеши керек болчу". Мындан тышкары, Токтонасыров Атахановдун Андарак окуясы жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Муратбек Суталинов боюнча жасаган билдирүүлөрүн да сынга алууда.

Пара алды деген шек менен кармалган милиционер Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG