Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Баткенде кармалган тажик жараны бошотулду


Баткендин Самаркандек айылындагы чек арада ок атуу учурунда кармалган тажик жараны бошотулду. Бул туралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 17-февралда «Азаттыкка» билдиришти.

12-февралда Баткендин Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чорку айылынын чектешкен аймагында кыргыз чек арачысы Канат Дүйшөналиевдин өлүмү боюнча Тажикстандын жараны Умаржан Каримов кармалаган. Ал чек арадан мыйзамсыз жол менен жүк алып өтүү аракетине байланыштуу бажы мыйзамдарына ылайык жазана төлөп, ок атууга тиешеси жок болгондуктан бошотулду деп билдиришти облустук акимчиликтен.

12-февралда Самаркандек аймагынан Тажикстандын жаранына тиешелүү унаа көмүр тартып өтүп бараткан учурда чек арачылар токтотуп, документтерин сураган. Жүк тартып бараткандарды коштоп жүргөн жергиликтүү тургун Акыл Калбаев документ көрсөтүүдөн баш тартып, чек арачыларга каршылык көрсөткөн. Тиреш күчөп, жергиликтүү 30 чакты тургун чогулуп, чек арачыларга сес көрсөтө баштагада кошумча күч чакыртылган. Акыл Калбаев бир чек арачынын колундагы куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген 22 жаштагы Канат Дүйшөналиевге ок чыгарганда ал ооруканга жетпей мерт болгон. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG