Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Май айында пенсия 11 пайызга көбөйөт


Май айында пенсия 11 пайызга көбөймөй болууда. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда Социалддык фонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев айтты. Учурда пенсиянын бир айлык орточо өлчөмү 3690 сом, ал эми бир айда күнүмдүк жашоого керектелүүчү акчанын эң азы 4180 сом деп аныкталган. Өкмөт бул эки көрсөткүчтү теңдөө талабын коюп жатат. 11 пайызга көбөйсө пенсиянын орточосу 392 сомго өсөт. (RK)

XS
SM
MD
LG