Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Ахмединежад: Бар балээ чет жерликтерден


Иран президенти Махмуд Ахмединежад Ислам калктуу өлкөлөрдүн “бардык балакети” чет өлкөлөктөрдүн киришүүсүнөн келип чыгууда деди. Бирок ал Исламабадда өтүп жаткан саммиттеги сөзүндө кайсы бир мамлекеттин атын атабады.

"Бүгүн тилекке каршы, (Батыш) биздин региондун иштерине ачыктан ачык, аскерин киргизип кийлигишүүдө. Биз региондун иштери региондун өзүндө жөндөлүш керек деген ишенимдебиз. Үч жактуу бул жыйын ушул маселелерди чечкенге чогулду. Кубанычтуусу, үч өлкөдө тең бу суроолорду жөндөө үчүн бекем жана күчтүү эрки жетет", - деди Ахмединежад.

Бул жыйынга Ооганстан менен Пакистандын да президенттери катышууда.

Иран азыр эл аралык санкцияларды, анын ичинде Европа Биримдигинин мунай эмбаргосун баштан кечирүүдө. Батыш жана Улуттар Уюму санкцияларды Ирандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу киргизген. Иран уранды электр энергиясын өндүрүү үчүн гана байытып жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG