Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Хэйг: Жакынкы Чыгышта кансыз согуш жанданышы ыктымал


Атомдук куралга ээ болууну көздөгөн Ирандын максаты ишке ашса, бул - Жакынкы Чыгышта жарыша куралданууга алып келиши ыктымал, - деп билдирди
Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг.

Daily Telegraph гезитине курган маегинде министр “Иран атомдук куралга ээ болсо, региондогу калган өлкөлөр да андай куралга умтула башташат. Мындай сценарийдин арты эң олуттуу кесепеттерге, Жакынкы Чыгышта жаңы кансыз согуштун жанданышына алып келиши ыктымал”, - деди Хэйг.

Расмий Тегеран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтып, Батыштын дооматтарын чекте кагып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG