Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Орусиянын аскерий базалар үчүн карызы 15 млн. долларга жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Айзада Эгебаева билдирди. Анын айтымында, Орусия Канттагы базадан башкаларына курал-жарак, аскерий техникалар менен ижара акысын төлөп келген. Ушул акылар да акыркы төрт жылда төлөнбөй калган.

Кыргызстанда Орусиянын төрт объектти жайгашкан. Алар: Канттагы аскер-аба базасы, Кара-Колдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмология борбору. Мунун ичинен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы макулдашууга ылайык, Канттагы база үчүн акы алынбайт. Орусиядан өлкөдөгү аскерий объекттери үчүн акча төлөөнү талап кыларын президент Алмазбек Атамбаев Ошто студенттер менен болгон кездешүүдө айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG