Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Сирияда зордук-зомбулук уланууда


Дипломатиялык аракеттерге карабай, Сирияда абал курч бойдон калууда. САНА мамлекеттик агенттиги маалымдаганына караганда, кечээ эртең менен куралчан бир адам Идлиб чөлкөмүндө прокурор менен судьяны атып кетти. Укук коргоочу активисттер өкмөттүк армия Хомс шаарын курчоого алып, бир катар райондорун аткылап жатканын билдиришүүдө.

Кечээ коопсуздук аскерлери 3 оппозиционердин жаназасына катышып жаткан элге ок чыгарып, кеминде 1 киши мерт кеткен. Ал аралыкта Кытай Араб лигасынын кан төгүүнү токтотуу боюнча долбоорун колдоорун айтты. Анын алдында Кытай тышкы иштер министринин орун басары Дамаскта президент Башар Асад менен кездешкен.

БУУнун болжолдуу санактарына ылайык, дээрлик 1 жылдан бери Сириядагы кагылышууларда 5 миң 400дөй киши набыт болду жана бул сан күн сайын өсүүдө.

XS
SM
MD
LG