Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Москвада оппозиция менен өкмөттү колдогон активисттер кагылышты


Бул тууралуу оппозициялык активисттер интернеттеги социалдык түйүндөрдө жазууда. Твиттер жана Фейсбукта «Адилет шайлоо үчүн» кыймылынын өкүлдөрү 5-мартта (шайлоонун эртеси) митинг өткөрүүгө уруксат алууга арыз берүү үчүн эртеден бери шаардык өкмөттүн алдында турушкан.

Ошол маалда мэриянын алдына «Жаш Орусия», «Жаңы адамдар» сыяктуу жаштар уюмдарынын өкүлдөрү келип, оппозициялык активисттердин кагаздарын тартып алып, арыз берүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишкен.

Өкмөтчүл жаштардын штабы - алардын өкүлдөрү мэриянын алдында чак түштөн бери күзөттө турганын билдирет.

Оппозиция 5-мартта Лубянск аянтында массалык митинг өткөрүүнү пландап жатканын «Солчул фронттун» координатору Сергей Удальцов билдирет.

XS
SM
MD
LG