Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Путин орус армиясынын көйгөйлөрү боюнча макаласын жарыялады


Орусиянын премьер-министри, президенттикке талапкер Владимир Путин 2020-жылга карата учурда миллиондон ашуун аскер кызмат өтөгөн орус армиясын 145 миң аскерге кыскартуу зарылдыгын көрсөтөт.

Бүгүн «Российская газетага» чыккан макаласында Путин Орусияда профессионалдуу армияны түзүү өлкөнүн аскердик түзүлүшүндөгү стратегиялык максат катары чагылдырат.

Анда армияны жаңы курал-жарак менен жабдуу, анын ичинде 400 континенттер аралык баллистикалык ракета жана 600дөн ашуун учактар тууралуу айтылат. Ошондой эле аскер адамдарын социалдык коргоо тууралуу дагы сөз болот.

Шайлоону утурлап премьер Путин жергиликтүү басылмаларда өлкөдөгү ар кыл көйгөйлөр боюнча көз карашын билдирген макалаларды жарыялоодо. Путиндин атаандаштары болсо – мындай макалаларды жарыялоого премьердин шайлоо штабынан акча төлөнбөгөндүктөн, шайлоо жөнүндө мыйзам бузулуп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG