Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Саркози президенттик 2-мөөнөткө барууга шайлоо өнөктүгүн баштады


Жекшембиде Николя Саркози Марсел шаарында өз тарапкерлеринин алдында сүйлөгөндө, анын экономикалык саясаты Францияны дүйнөлүк каржы кризисинин эң катаал запкысынан сактап калгандыгын билдирди. Ошондой эле «Франциянын салттык баалуулуктарын» сактоо анын негизги саясий максаттарынын бири экендигин айтты:

- Бул биздин өлкө. Бүгүн бул жерде Марселде мен сиздерден бир гана нерсени өтүнөм. Мага Франциянын урматы үчүн жеңишке жетүүгө жардам бергиле. Француз элин бириктирүүгө жардам бергиле. Силер – француздарсыңар. Жашасын республика! Жашасын Франция!

Саркози 22-апрелде өтчү президенттик шайлоого катыша тургандыгын жакында эле жарыялады. Сурамжылоолор боюнча ал негизги атаандашы, социалисттердин талапкери Франсуа Олландан артта калууда.

Байкоочулардын пикиринде, француздар жумушсуздуктун көбөйүшү, экономикалык өнүгүүнүн солгундап кеткенине тынчсызданат. Азырынча француз бийликтери улуттук экономиканы көзгө көрүнөөрлүк илгерилете алган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG