Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Кытайда дагы бир тибеттик кечил өзүн өрттөп жиберди


18 жашар кечил жигит Нангдрол анти-өкмөттүк ураандарды кыйкырып туруп, өзүнө от коюп жибергенин Лондондо жайгашкан “Тибет үчүн эл аралык кампания” уюшмасынан билдирди.

Кечилдер Нангродолдун сөөгүн Самдруп Норбу монастрына алып кеткен жана аны полиция алып кетпөө үчүн тааткананы 1 миңдей адам курчап турат. Окуя Сычуан провинциясында болду. 21-февраль күнү да тибеттик кечил өзүн өрттөп өлгөн болчу. Лондондук уюмдун маалыматы боюнча, акыркы 12 айда Кытайдын башкаруусуна нааразылык ирети 21 кечил өзүнө от коюп каза тапты.

XS
SM
MD
LG