Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

ЕБ Грекияга көмөк пул берүү маселесин бүгүн чечет


Европа монетардык союзуна мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлери Грекияга 130 миллиард евро көмөк пул берүү маселесин караганы жатат. Франциянын финансы министри Франсуа Баруен Евробиримдиктин министрлери Афиныга кредит берүү боюнча жалпы бир пикирге келип калышканын билдирди:

- Бизде азыр келишимге зарыл бардык элементтер, анын ичинде банкирлердин эркин ыктыяры, менчик насыячылар, ошондой эле улуттук өкмөттөр менен борбордук банктардын макулдугу бар.

Грекияга 20-мартта тышкы борчун төлөгөнгө 130 миллиард евро керек. Бул күнү Афины тыш өлкөлөр алдындагы насыя акчасын төлөбөсө, дефолт жарыяланууга тийиш. Грекия былтыр Евробиримдиктен 110 миллиард евро насыя алган.

XS
SM
MD
LG