Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Казак режиссерунун Германияга барары күмөн


Казакстандык театр режиссеру Болат Атабаевге Германиянын Гете атындагы институтунун медалы ыйгарылды. Темиртау шаарындагы немец театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири Атабаев азыр Казакстанда социалдык жек көрүүчүлүккө чок таштады деп күнөөлөнүүдө. Режиссер декабрда өлкө батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу булоонду иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөсү. Маянасын көтөрүүнү талап кылган мунай кендеринин жумушчуларынын иш таштоосу учурунда болгон кагылышта кеминде 16 адам набыт болгон. Болат Атабаев ага каршы ачылган кылмыш ишине байланыштуу 28-августта Германияга сыйлык алуу аземине бара алабы, белгисиз. Гете сыйлыгы Германия менен маданий кызматташууга жана немис маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн чет элдик жарандарга берилет.

XS
SM
MD
LG