Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Сирия оппозициясы өлкө келечегин талкуулоого катышат


Сириянын улуттук кеңеши жана башка оппозициялык топтору ушул жума күнү Тунисте болчу эл аралык конференцияга катышат. Бул жөнүндө Тунистин тышкы иштер министри Рафик Абдусалам Римдеги визити кезинде маалымдады. Тунистеги жыйында Сириядагы кризис талкууланат.

Сирия улуттук кеңешинин тышкы байланыштар боюнча башчысы Нажи Таяра береги кабарды тастыктады. Анын айтышынча, Кытай жана Орусия жума күнкү жыйынга оппозиция өкүлдөрүнүн катышканына оболу каршы чыккан. Бирок Араб өлкөлөрүнүн өтүнүчүнөн улам каршылыгын алып салган. Президент Башар Асаддын режими элдик чыгууларды аскердин күчү менен аябай басканына нааразылык ирети Тунис ноябрда Дамаскидеги элчисин чакырып алган.

XS
SM
MD
LG