Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Латвиялык шайлоочулардын тандоосун Литва колдоду


Латвиялык шайлоочулардын орус тилинин өлкөдөгү экинчи расмий тил болуусуна каршы добуш берүүсү коңшулаш Литвада оң бааланды. Литванын премьер-министри Андрюс Кубилюс дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүдө референдумдун жыйынтыгы Латвияда “жарандык коом жакшы телчиккенин жана жарандардын жогорку аң сезимин көрсөттү” деп айтылат. Орус тилин экинчи расмий тил кылуу боюнча орус тилдүү азчылык каржылаган референдумда сунушка шайлоочулардын 75 проценти каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG