Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Тажик-өзбек чек ара сүйлөшүүсү үч жылдан соң кайра жанданды


Дүйшөмбүгө Өзбекстандан чек ара маселесин тактоо боюнча делегация келди. Шаршемби күнгө чейин созулчу кездешүүдө эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо жана мыйзамдаштыруу маселеси талкууланат. Эки өлкө аралык сүйлөшүү 2009-жылдын февралынан бери токтоп турган. Өзбекстан Тажикстанга талаштуу жерлерди берели, ордуна эки арадагы Фархад суу сактагычына биз ээлик кылалы деп чыкканда, тажик тарап макул болбой, сүйлөшүү токтоп калган.

Тажикстан-Өзбекстан чек арасы 1 миң чакырым болсо, анын 20 проценти алиге тактала элек. Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүгө эртең Өзбекстандын вице-премьери Рустам Азимов баштаган дагы бир топ келип кошулат.

XS
SM
MD
LG