Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Сириялык оппозиция эл аралык конференцияга катышат


Улуттук кеңеш баштаган оппозиция өкүлдөрү жума күнү Тунисте башталчу Сирия боюнча эл аралык конференцияга катышат.

Сириялык оппозициянын бул иш-чарага катышуусуна нааразы болгон Кытай менен Орусия араб өлкөлөрүнүн басымынан аркасында гана макул болду. Бул тууралуу Улуттук кеңештин тышкы саясатын тейлеген өкүлү Наджи Таяяра билдирди.

Сирияда болсо президент Башар ал-Асаддын режими өкмөттүк күчтөрдү массалык толкундоолор күчөгөн очокторго жиберүүдө. Өлкөнүн баш калаасы Дамаскиде өкмөттүк имараттар курчоого алынып, турак-жай кварталдар кайтарууда.

Хомстун борбордук бөлүгүндө армия оппозиция өкүлдөрү баш калкалаган Баба-Амр жана Ал-Халидиех райондорун аткылоодо.

Идлиб районунда куралданган оппозиция өкмөттүк күчтөрдүн ондогон танктарынын курчоосунда турат.

Өлкөнүн батышындагы Хамада жергиликтүү активисттердин айтымында, полиция жолдорго бөгөт коюп, шаардын райондорунун бири-бири каттамын токтотту. Шаарда телефон, интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG