Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Айрым тоолуу жолдор кар көчкүдөн тазаланууда


Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым тоолуу жолдорунда түшкөн кар көчкүлөрдү тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында 3 жерден, жалпы көлөмү болжол менен 4260м³ кар көчкү түшкөн. Учурда жол тазаланып, толук ачылды. Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында 3 жерден, жалпы көлөмү болжол менен 8280м³ кар көчкү түшкөн. Кара-Көл, Таш-Көмүр, Сосновка өткөрүү посттору ушу тапта жабык турат. Токтогул райондук Куткаруу кызматынын 11 куткаруучусу кар көчкү түшкөн жерге бүгүн таң эрте чыгып кетишти.

Чаткал районунда Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 72-74, 98-100-чакырымдарында 1500м³, 85-88-чакырымдарында 8000м³ кар көчкү түшкөн. Андан сырткары 80-чакырымында көчкүнүн ортосунда калып кеткен 7 унаа жүргүнчүлөрү (25 адам) ошол жердеги чабандын үйүнө жайгаштырылган. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 5-11-чакырымдарында көлөмү болжол менен 8500м³ кар көчкү түшкөн. Чаткалдын акиминин буйругу менен кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Красная-Горка - Акташ, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолдору жабылып, тазалоо иштери убактылуу токтотулган.

Ош облусунун Алай районунда Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Тазалоо иштери уланууда. Чоң-Алай районунда Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык унаа жолунун 95-чакырымында түшкөн көлөмү 2000 м³ кар көчкү тазаланып, унаа жол ачылды. Мындан сырткары Дароот-Коргон - Чак - Жаштилек ички чарбалык унаа жолунун 3-5-чакырымдарында 6 жерден кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Каракол - Эңилчек унаа жолунун 81-чакырымында кар көчкү түшүп (узундугу 19м., бийиктиги 2м.), унаа жол жабылган. Азыркы тапта бир тарапка гана ачык турат. Тазалоо иштери жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG