Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Аялдар абагында жетекчилик алмашты


Кыргызстандагы аялдар абагында жетекчилик алмашты. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, мындай чечим абактагы "жетекчи курамды бекемдөө, иштин сапатын жакшыртуу жана абактагыларды кармоо шарттары боюнча негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн" кабыл алынды. Колониянын жаңы жетекчиси Курманбек Мажидов буга чейин ошол эле жерде борбордук аппараттын тарбия, психологиялык, социалдык жана укук иштери боюнча бөлүм башчысы болуп иштечү. Жетекчинин орун басарлары да жаңы дайындалды.

Кыргызстанда бир гана аялдар абагы бар. Ал №2 колония деп аталат. Бишкектин четиндеги Степное айылында жайгашкан. Аталган абакта 307 аял камалган, экөө жашы жете элек, онунун колунда наристеси бар. (RK)

XS
SM
MD
LG