Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Боронов: Жаз жылдагыдан оор болоору болжолдонуп жатат


Быйылкы жаз Кыргызстанда жылдагыдан оор болоору болжолдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Оштун Ноокат жана Араван райондорун кыдыруусунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айтты.

Боронов Ноокат районунун Өсөр айылына жылда түйшүк алып келип жаткан Кыркол-Сай дарыясынын жээктерин көрүп чыкты. Жээк бекемдөө үчүн 1825 метр дамба куруу зарыл. Акимчилик каражат жок экенин билдирди. Министр тез арада бул маселе боюнча өз сунуштарын берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Күнгөй-Кожоке айылын селден коргоп туруучу тосмо сайынын абалы да талкууланды. Ал тазаланбаса, 280 кожолуктун турак-жайын жана 85 га айыл чарба жерин сел каптап кетүү коркунучу бар. Жалпысынан район боюнча кооптуу делген 30га жакын жер бар экени айтылууда.

Ушу тапта ӨКМ башчысы Араван районундагы Араван дарыясынын жээктерин көрүп, Араван жана Нурабад айыл округдарындагы ыкчам чараларды көрүүчү объектилерди кыдырып жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG