Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыйноолорго каршы улуттук борбор боюнча мыйзам долбоору талкууланды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун түзүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, жактырылды. Анын авторлорунун бири, депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, 2009-жылдын августунан 2010-жылдын август айына чейинки мезгил аралыгында өлкөдө 241 кыйноо факты катталган. Талкууга катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай борбор ачылса жалаң гана абактарда эмес, балдар үйлөрүндө, психоневрология ооруканаларында, карылар үйлөрүндө, аскер бөлүктөрүндө кыйноолордун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG