Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Сибирде байыркы үрөөндөн гүл өстүрүштү


Илимде Силене Стенофилла (Silene stenophylla) деп аталган гүлдүн уругун мындан 30 миң жылдай мурда уюсына кара чыйырчык катып койгон жеринен табылган.

Түндүк-Чыгыш Сибирде табылган үрөөндөн өсүп чыккан гүл бүгүн да Сибирде өскөн ушул эле аталыштагы гүлгө өтө окшош.

Түбөлүк муздун табылган уруктан өсүп чыккан ак гүлдөн кайра урук алынганын Орусиянын илимдер академиясынын Клеткалык биофизика институтунун өкүлү Светлана Яшина билдирди.

Окумуштуулар бул ийгилик Муз доорундагы сүт эмүүчү жаныбарларды кайра тирилтүүгө жол ачышы мүмкүн деп айтышууда. Ушул максатта азыр жапон окумуштуулары гүл табылган аймакта мамонттун калдыктарын издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG