Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

УКМК визасыз тартип боюнча оюн билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда визасыз каттам тартибин киргизүү боюнча өз позициясын билдирди. Комитеттин башкармалык жетекчисинин орун басары Эркин Дигебаевдин бүгүн журналисттерге айтканына караганда, атайын кызмат "визасыз тартиптин киргизилишине каршы эмес, бирок айрым жагдайларды эске алуу зарыл". Себеби, анын айтымында, өлкөгө кирип чыккан чет өлкөлүк жарандарды каттоого алуу системасы учур талабына жооп бербейт. Ал үчүн автоматташтырылган системаны киргизүү зарыл. УКМК өкүлү Кыргызстанга келүү үчүн виза алуу анча деле кыйын эместигин кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү 41 чет өлкө үчүн визасыз тартип киргизүү демилгесин былтыр көтөрүп чыккан. Муну менен туризм тармагын өнүктүрүү максаты бар экенин айтууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG