Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Байзаковго кол салуу даярдалып жатканы айтылууда


Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковго жана Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбековго кол салуу даярдалып жатат. Телефон аркылуу ушундай коркутуулар болуп жатканын бүгүн журналисттерге Кыргызстандагы 10 абактын жетекчилери билдиришти. Марс Жусупбековдун айтымында, "буюртмачылар түрмөдө эмес, сыртта". Кол салууга себеп катары 16-январда №1 абакта жүргүзүлгөн тазалоо иштери аталууда. "Ошондон кийин абакта тартип орнотулгандыктан, кылмыш дүйнөсү айына 18-200 миң доолардан кол жууп калууда. Себеби ошол жерде камалган "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" атыккандар абактын ичинде ээн-эркин басып жүрүп, ар кимди коркутуп, акча талап кылышчу", - дешти абак жетекчилери. Байзаков менен Жусупбековго ушундай коркутуу болуп жатканын Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы "Азаттыкка" тастыктады. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG