Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Үч депутатка козголгон кылмыш иштер кайра каралат


Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Сулайманов, Камчыбек Ташиев жана Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иштери жандандырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Баш прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиев билдирди.

"Бул кылмыш иштер 2010-жылы эле козголгон. Кийин кандайдыр бир жагдайлар боюнча токтоп калыптыр. Азыр булардын баары мыйзам чегинде инвентаризациядан өтүп жатат. Мыйзамсыз токтотулган иштер кайра жандандырылып, далилдер, иштин жагдайлары изилделинип, мыйзам түрүндө жыйынтыкка келебиз", - деди Салиев.

Аталган депутаттарды кылмыш жообуна тартуу үчүн алардын кол тийбестигин алып салууга парламенттин макулдугу керек. Азырынча Баш прокуратура Жогорку Кеңешке мындай өтүнүч менен кайрыла элек. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG