Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

"Азаттыктын" спорт баяндамачысы Кабыл Макеш сыйлык алды


Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн Дене тарбия жана спорт агенттиги массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөргөн сынагынын жыйынтыгын чыгарды. "Азаттык" үналгысынын бул сынакка катышкан спорт баяндамачысы Кабыл Макеш радио боюнча биринчи орунду ээледи. Ага 30 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды. Жалпысынан теле, радио, интернет жана басма сөз багытында иштеген 13 журналист спорт жана дене тарбия темасын мыкты чагылдырганы үчүн сыйланды. "Азаттыктын" жамааты Кабыл Макешти куттуктайт жана мындан ары да чыгармачыл ийгиликтердин болушун каалайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG