Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн


Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусу учурунда ушул маселе көтөрүлдү. Бул жолугушууда Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагына кирип, катталгандан кийин 90 күнгө чейин жүрө алышы макулдашылды. Учурда бул мөөнөт отуз күн менен чектелген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кошумчалагандай, премьер-министрдин Астанадагы сапары учурунда казак тараптын чек арадагы өткөөл бекеттердин дагы экөөсүн ачуусу да макулдашылды. Алардын бири Талас облусунун, экинчиси Ысык-Көл облусу аймагынан ачылат. Бирок алар качан ачылары айтылган жок.

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдөп өткөрүүчү он эки бекет бар. Азыр алардын үчөө эле иштөөдө. Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы бекеттерин 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин жапкан. Ошол жылы кайра алардын экөө, былтыр бирөө ачылган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Астанага иш сапары менен кечээ барган. (UE)

XS
SM
MD
LG