Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ооганстан Куран өрттөгөндөргө таарынды


Жалалабатта митингчилер антиамерикалык чакырыктарды кыйкырып турушту, 22-февраль, 2012
Жалалабатта митингчилер антиамерикалык чакырыктарды кыйкырып турушту, 22-февраль, 2012

Ооганстанда америкалык аскерлердин базасында Куран өрттөлгөнүнө нааразы болгондордун демонстрациялары эки күндөн бери уланууда. Бүгүн кагылыштарда сегиз адам өлдү.

Антиамерикалык маанайдагы митинг бүгүн борбор калаа Кабулда жана чыгыштагы Жалалабад шаарында зордукчул мүнөзгө өтүп, кеминде сегиз адам набыт болду.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта Ооганстанда Кошмо Штаттардын аскерий базасында болгон окуя боюнча кечээ кечирим сурап, бул окуя кылдат иликтенээрин убада кылган.

Кабулдун түндүк тарабындагы Парван провинциясынын жергиликтүү администрациясынын расмий өкүлү Рошан Халид билдиргенине караганда, бүгүнкү демонстрацияда Шинвар районунда үч адам окко учту.

Шинвар району дал ошол “Курандын көчүрмөлөрү дүйшөмбүдө таштандылар менен кошо өрттөлгөн” делинген "Баграм" аба базасы жайгашкан жерге жакын турат.

Жалалабад шаарындагы нааразылык митингде бүгүн бир киши каза болду, дагы 10 адам чогулган элге карата атылган октон жаракат алышты.

“Азаттыктын” бул шаардагы кабарчысынын айтымында, окту митингдеги тополоң-тоз башаламандыкты токтотуш үчүн ооган улуттук полициясынын өкүлдөрү чыгарышты.

Кабулда да бүгүн демонстранттар шаардын борборун карай жөө жүрүшкө жөнөгөн учурла полиция ок чыгарып, бир адам өлдү, 10 жаракат алды.

Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы демонстранттар айланадагы машинелердин айнек-терезелерин сындырып жатышканын айтты.

Дүйшөмбүдө Курандын өрттөлгөнү ачыкка чыгып, нааразылык күчөгөндөн кийин шейшембидеги билдирүүсүндө Пентагондун башчысы Леон Панетта бул окуяны Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Жон Алленден укканын айтып, кечирим сураган болчу.

Окуянын чоо-жайын бул жерден окуңуз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG