Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Бүгүн - Мекенди коргоочулар күнү


Ага байланыштуу Бишкекте майрамдык концерт өтүп, шаар тургундарына аскердик ботко берилет. Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын имаратынын алдында Бишкек гарнизонунун салтанаттуу маршы өтөт. Ала-Тоо аянтында Улуттук гвардиянын “Пантера” атайын даярдыктагы отряды өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жогорку Кеңеш депутаттары менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда футбол боюнча турнир өтөт. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мелдешке өкмөт мүчөлөрү, коалициялык көпчүлүк жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары болуп төрт команда катышат. Бул мамлекеттик ишмерлер жана депутаттардын ортосундагы ырасмий турнир болуп саналат. Иш-чара Жогорку Кеңештин кесиптик кошуундар комитети тарабынан уюштурулууда.

Кечээ, 22-февралда Мекенди коргоочулар күнү менен кыргызстандыктарды президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктаган.

23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG