Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Парламент Байзаковду кызматтан алууну сунуштады


Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды. Аталган кызматтагы кырдаалды иликтеген комиссия бир жыл ичинде курулуш, абактарды оңдоп-түзөө иштерине багытталган 4 миллион сомдон ашык каражат максатсыз сарпталганын, түрмөлөрдөгү тополоңду алдын алуу үчүн чара көрүлбөгөнүн белгилешти.

Шейшенбек Байзаков айтылган сындарды четке кагып, түрмөлөрдө реформа жүргүзүп жатканын билдирди. 22-февралдагы маалымат жыйынында түрмө жетекчилери Шейшенбек Байзаков менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековго кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү кол салганы жатканын да айтып чыгышкан. Кеминде онго чукул түрмөнүн жетекчилери Байзаков кызматтан алынса, иш таштай тургандарын да белгилешкен. (КЕ/KKs)

XS
SM
MD
LG