Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Италияда Costa Concordia кемесинде 8 сөөк табылды


Шаршембиде деңизде 13-январда кырсыккка кабылган кемедеги 8 кишинин сөөгү табылды. Италия бийликтери табылган сөөктөр жээкке чыгарылып, аларды аныктоо башталганын билдирет. Жалпысынан чөккөн кемедеги өлгөндөрдүн саны 25ке жетти, дагы 5 киши беймаалым.

Кеменин капитаны Франческо Скеттино менен анын биринчи жардамчысы камакта.
Алардын башка дагы кеменин ээси "Costa Crociere" ишканасынын бир нече башкаруучу адистери жоопкерчиликке тартылууда.

Деңизде болсо кемеден күйүүчү майды сордуруу иштери жүрүүдө.

Жер Ортолук деңизи боюнча саякатка чыккан “Коста Конкордия” деңиз лайнери 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка кабылганда анын ичинде 4229 адам болгон.

XS
SM
MD
LG