Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Ооганстанда жергиликтүү журналист мыкаачылык менен өлтүрүлдү


Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Пактика провинциясында шейшембинин кечинде 25 жаштагы журналист Самид Хан Бахадарзаинин башы жок денеси табылган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шейшембиде ага белгисиз бирөө телефон чалган. Андан соң журанлист жолугушууа кеткен, бир нече сааттан кийин анын сөөгү Ургун шаарындагы өз үйүнө чукул жерде табылган.

Соңку учурда Ооганстанда бир катар журналисттер козголоңчул талиптердин колунан набыт болгон. Бирок бул ирет талиптер журналистти өлтүрүүгө катыштыгы жоктугун “Ооган ислам прессасы” деген агентикке билдиришкен.

2007-жылы барымтага түшкөн италиялык журналистти бошоткондон кийин, талиптер аны менен бирге жүргөн оогандык кабарчы, котормочунун башын кесип кетишкен.

XS
SM
MD
LG