Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Ошто "Кыргызстан" кинотеатрын оңдоого арналган акция өтүүдө


Оштогу "Кыргызстан" кинотеатрын калыбына келтирүү максатында жетекчилиги бүгүн "Салым" аттуу марафон уюштурду. Бул тууралуу "Азаттыкка" кинотеатрдын директору Топчубай Досбаев билдирди. Анын айтымында, кинотеатрдын эскилиги жетип, авариялык абалда.

"1990, 2010-жылдардагы коогаларда кинотеатрды талап-тоношкон. Тийиштүү документтери жоголуп кеткен. 20 жыл ичинде аны калыбына келтирүүгө эч кандай көңүл бурулбагандыктан, аргасыздан өзүбүз ушинтип марафон уюштурууну чечтик",- дейт Досбаев.

Кинотеатр 1924-жылы курулган. Аны толук оңдош үчүн 62 миллион сом керек. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен имараттын кичи залы ремонттолгон. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG