Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

24-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
23-25-февралда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
24-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз 0...-5,
Баткенде түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...+2 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14 градус, күндүз -4...+1,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -4..-9,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -32..-37, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -25...-30, ал эми күндүз -10..-15 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус суук, күндүз 1 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болот.

XS
SM
MD
LG