Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Германияда каза тапкан кыргыз кызынын жакындары пикетке чыгышты


2010-жылы Германияда каза тапкан кыргыз кызы Кундуз Турсунованын жакындары бүгүн Бишкектеги немис элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Ага 24 киши катышканын “Азаттыкка” Кундуздун апасы Алмабүбү Жылкыбаева билдирди. Германиянын элчиси Гудрун Срэгага жолдонгон кайрылуу элчиликтин атташеси аркылуу тапшырылды. Бирок элчилик бул кайрылууну алганын тастыктаган жообун берген жок. Кайрылууда үч талап коюлган: Турсунованын жакындарынын пикири боюнча Кундузду өлтүрдү деген немис жараны Готвальд Патрикти жазалоо, Кундуздун укугун коргоо жана 500 миң сом өлчөмүндө материалдык, бир миллион евро өлчөмүндө моралдык компенсацияны Готвальд Патриктен өндүрүү.

Турсунованын жакындары буга чейин да элчиликтин алдында бир нече жолу пикет өткөрүшкөн болчу.

1984-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Кундуз Турсунова И.Арабаев атындагы университетти немис тилинен котормочу факультетин бүтүргөн. Окуп жана иштөө боюнча эл аралык программанын алкагында 2005-жылы Дүсселдорф шаарына кеткен. 2010-жылдын 15-майында Кундуздун туугандарына ал Мүлхаузен шаарында автокырсыкта мерт болду деген кабар келген. Бирок алар Кундузду Готвальд Патрик өлтүргөн деп эсептешет. Себеби 14-майда Кундуз ал кишиден катуу таяк жегени үчүн полицияга жана күбөлөр менен ооруканага кайрылып, жардам сураганы аныкталган. Кундуз Готвальд Патриктин эжесинин үйүндө үй кызматчы болуп иштечү. Германия тарап алгач “адам өлтүрүү” жана “адам денесине залака келтирүү” деген факттар боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок кийин анын "адам өлтүрүү" деген бөлүгү жабылган. 24-февралда “денесине залака келтирүү” фактысы боюнча гана иш сотто каралат.

Бул окуя боюнча Кыргызстан тараптан коомдук жактоочу Өндүрүш Токтонасыров акыйкатчы Турсунбек Акун жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан Турсунованын өлүмү боюнча ишке тиешелүү көңүл бурулбай жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Былтыр 9-апрелде Германиядагы кыргыз элчилигине немис прокуратурасынан “кимдир бирөө тарабынан өлтүрүү болгон эмес, эч кандай далил жок”, деген кат келгенин "Азаттыкка" Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 1-катчысы Данияр Төлөгөнов билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG