Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Уулуу көмүрдүн күлү Кара-Балтага жеткирилди


Чүйгө тараган радиоактивдүү көмүрдүн күлү 12 оор жүк ташуучу унаа менен Кара-Балта шаарындагы тоо-кен комбинатынын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Жогорку Кеңеште Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр боюнча маселе каралганда Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов 14 мектепте уулуу көмүр жагылбаганын, карылардын Серафимовкадагы жатак үйүндө жагылып кеткенин айткан болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жагылган көмүрдүн күлүн жоготууда эки жол– ташып келген компания кайра Казакстанга көмүр менен кошо жүктөп кетет же республика аймагындагы радиация таштандылары көмүлгөн жайларга алып барып, көмүү каралып жатканын билдирген.

Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен Бишкек ТЭЦине ташылып келген 8,5 миң тонна жана Чүйгө келген бир миң тоннадай көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталган болчу. Бул көмүр учурда кайрадан Казакстанга жөнөтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG