Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Москвада Путинди колдогон акция өтүп жатат


Москвада премьер-министр Владимир Путиндин талапкерлигин колдоо акциясына он миңдеген киши чогулду. Жергиликтүү полициянын ырастоосунда, Лужники стадионунда өткөн митингге 100 миңдей киши катышты.

Сурамжылоолор 4-марттагы президенттик жарышты Путин оңой эле жеңет деп көрсөтүүдө. Аналитиктердин көбү да ушундай эле пикирде.

Бүгүнкү акция премьердин Бүткүл орусиялык элдик майдан тарабынан уюштурулган. Былтыркы декабрдагы парламенттик шалйоодон кийин Путиндин кетишин талап кылган чыгуулар көбөйүп жатат.

XS
SM
MD
LG