Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Иракта 50гө жакын адам өлдү


Ирактын жер жерлериндеги теракттардан 50гө жакын адам жан таслим болду, көптөгөнү жараланды. Координацияланып жасалган кол салуулардын көбү Багдадда болду. Бакуба, Киркук, Мосул шаарларындагы жардыруулар да ондогон адамдардын өмүрүн алып кетти. Ирактын вице-президенти, сунилердин өкүлү Тарик ал Хашеминин камакка алуу буйругу чыккандан бери шиийлер жетектеген өкмөт менен суни азчылыгы ортосунда тирешүү күчөдү. Хашеми баш кесерлер бөлүгүн жетектеген деп айыпталган. АКШ аскерлери Ирактан былтыр декабрда чыгарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG