Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Ооганстанда америкалык базага чабуул жасалды


Ооганстандын Лагман вилайетинде жүздөгөн киши америкалык базага чабуул коюшту. Аламандаган топ базанын дарбазасын таш баранга алып, НАТОнун базасында Курандын өрттөлүшүнө нааразылыгын билдиришти. Пентагон жана НАТОнун командачылыгы кечирим сураганы менен Ооганстанда нааразылыктын толкуну токтобой келатат. Ушул эле күнү "Талибан" кыймылы чет өлкөлүк базаларга, Түндүк альянстын кербендерине кол салууга үндөгөн.

Миңдеген адамдар ошондой эле Кабул жана Жалалабад шаарларынын көчөлөрүнө чыгышты. Кечээ полиция менен кагылышууларда 9 киши өлсө, бүгүн Баглан чөлкөмүндө 1 кишинин окко учканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG