Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 00:38

Өкмөт башчысы Бабанов Ошту кыдырууда


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн эки күндүк иш сапар менен Ош шаарына барды. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, эртең менен ал Коргоо министрлигинин №36806 аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин жашоо шарты менен таанышты. Анар кичи районунда Бабанов июн коогасында жабыркагандар үчүн курулган 40 батирлүү үйдүн ачылышына катышат. Андан кийин дагы 5 кабаттуу турак үйдүн пайдаланууга берилишине арналган салтанатка жана майып балдар үчүн курулган мектеп-интернатта спорт залынын ачылышына катышат. Эртең кечке өкмөт башчысы Ноокат районундагы социалдык объекттерди кыдырмай болууда. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG