Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Каржы полициясынын кызматкерлерин тандоо теледен көрсөтүлөт


Кыргызстандын Каржы полициясына жаңы кызматкерлерди тандоо тест аркылуу жүргүзүлөт, бул иш телеканалдардан көрсөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Каржы полициясын реформалоо: коомчулуктун көз карашы” деген тегерек үстөл талкуусунда айтты. Ал учурда каржы полициясынын кызматкерлерин тандоо боюнча комиссияны жетектейт. Оторбаевдин айтымында, эгер мындай тестирлөө оң натыйжасын берсе, башка тармактарда да колдонулат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясын ишкердүүлүк камсыз кылат. Бирок бизнесмендер тарабынан каржы полиция кызматкерлерине карата көп нааразалыктар айтылып келет. Жаңы структура боюнча Каржы полициясында иштегендердин саны 260 киши болот. (RK)

XS
SM
MD
LG