Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

“Сириянын достору” ок атышууну тезинен токтотууну талап кылат


Батыш жана Араб өлкөлөрүнүн дипломаттары Сирия боюнча жума күнү башталчу эл аралык жыйында президент Башар ал-Асадды ок атышууну тезинен токтотуп, зордук-зомбулук күч алып турган аймакка гуманитардык көмөк киргизүүгө жол ачууну талап кылды. 70тен ашуун өлкөнүн тышкы иштер министрлери Тунисте өтчү “Сириянын достору” деген аталыштагы конференцияга катышат.

Бул Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сирия боюнча резолюцияга Кытай менен Орусия вето койгондон кийинки чоң жыйын. Сириянын оппозициялык Улуттук кеңеши дагы бул жыйынга Орусия менен Кытай каршы болгондугуна карабай катышууда.

XS
SM
MD
LG