Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Ратко Младич мурдагы Югославия боюнча трибуналды айыптады


Босниялык сербдердин командири, ушул тапта Гаага сотунда иши каралып жаткан Ратко Младич мурдагы Югославия боюнча трибуналды НАТОнун «кол баласы» деп атады. Ал ошондой бул трибунал сербдерге каршы маанайда деп айыптады.

Бейшембиде Младич бир катар уюштуруу маселелери боюнча суроолорго жооп берип жатып, өзүнүн үй-бүлөсүнүн жана босниялык сербдердин аскер кийимчен сүрөтүн көрсөттү. Ал ошол аскер кийимин сотко кийип чыгууга мүмкүндүк берилбегендигин айтып даттанды.

Младич адамзатка каршы генониц, аскер кылмыштарына айыпталууда. 1995-жылы Сребреницада 8 миңге чейинки босниялык мусулмандарды кырган деп күнөөлөнүүдө. Младичтин соту 14-майда башталат.

XS
SM
MD
LG