Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Ош: Коммунисттер шайлоодо “Улуттар биримдигин” колдойт


Кыргызстан коммунисттер партиясы Ош шаардык кеңешине болчу шайлоодо “Улуттар биримдиги” партиясын колдойт. Шайлоого өз алдынча катышуудан баш тарткан билдирүүсүн бүгүн партия аймактык шайлоо комиссиясына жолдоду. Бул тууралуу партиянын лидери Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, коммунисттерден катталган талапкерлер тизмесинде гендердик баланс сакталбай калганын шайлоо комиссиясы билдирген.

Шайлоо 4-мартта өтөт. Анда КСДП, КУДП, «Замандаш», «Улуттар биримдиги», «Адилеттүү Кыргызстан», «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынан талапкерлер ат салышат. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG