Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Москвада кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды


Орусияда эки күндүк иш сапар менен жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн орус президенти Дмитрий Медведев менен жолукту. "Азаттыктын" кабарчысы Аида Касымалиеванын Москвадан билдиргенине караганда, жолугушууда коопсуздук маселелери талкууланды. Орус президенти "Жакынкы Чыгыштагы абал сөзсүз Борбор Азияга тиешеси бар, ошондуктан биз коопсуздук жөнүндө ойлонушубуз керек" деген оюн билдирди. Ал эми кечээ Атамбаев орус премьер-министри Владимир Путин менен бейрасмий жолугушууда болду. Анда экономика жаатындагы маселелер талкууланды. Бирок кандайдыр бир так чечимдер кабыл алынган жок. (AiK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG