Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Пакистан премьер-министри талиптерди сүйлөшүүгө чакырды


Пакистан премьер-министри Юсуф Раза Гилани бүгүн ооганстандык талиптерди жана алардын жактоочуларын Ооганстан бийлиги менен тынч сүйлөшүү өткөрүүгө үндөдү. Буга чейин Ооганстан президенти Хамид Карзай да талиптерди түз сүйлөшүүгө чакырып, сүйлөшүүнү Пакистан уюштуруп берсе деген ниетин айткан. Ооган бийлиги азырынча согушчандар менен ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө.

Талиптер аймактан чет элдик аскерлер чыгарылмайынча, Кабул менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын бир нече ирет билдиришкен.

XS
SM
MD
LG