Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Сирия Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүүдө


Дамасктагы шайлоо бекеттеринин бириндеги добуш берүү. 26-февраль, 2012-жыл.
Дамасктагы шайлоо бекеттеринин бириндеги добуш берүү. 26-февраль, 2012-жыл.
Референдум өлкөдө он бир айга аяк баскан кан төгүү менен коштолгон тополоң уланып жаткан учурда өтүүдө. Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири жалгыз партиянын дээрлик элүү жылга созулган бийлик монополиясын жойот.

Бирок Cирия оппозициясы референдумдун мааниси жоктугун белгилөө менен элди аны бойкоттоого, президент Башад Асадды бийликтен чегинүүгө чакырды.

Тополоңдорго карабай өкмөт өлкө боюнча 13 миң шайлоо бекетин түздү. Борбор Дамасктагы шайлоо бекеттердин биринин башчысы Бассам Хаддад Рейтердин кабарчысына элдин келүүсү күтүлгөндөгүдөн жакшы экендигин белгиледи:

- Эртең мененден бери добуш берүү жакшы кетип жатат. Бул биз күткөндөн кыйла жогору. Биз бул ушул убакытта күтүлгөндүн 200% деп айта алабыз.

Добуш берүү жараяны Бишкек убактысы боюнча саат 11де башталды. Шайлоо бекеттери он эки саат ачык болот.

Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм шайлоо бекетттери ачылган кезде Хомс, Хама, Деир ал-Зор, Дераа жана башка кичинекей шаарларда жарылуулар болгонун кабарлады.

Бир катар чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү да Сирия бийлиги референдум өткөрүп жатышын сынга алды. АКШ добуш берүүнү “күлкүлүү” деп атады.
(UE)

XS
SM
MD
LG