Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Азерилер жана түрктөр Карабах согушунун жыйырма жылдыгын белгилешти


Карабах согушу башталганда курман болгондорду эскерүү боюнча Бакудагы жүрүш. 26-февраль, 2012-жыл.
Карабах согушу башталганда курман болгондорду эскерүү боюнча Бакудагы жүрүш. 26-февраль, 2012-жыл.
Карабах согушу башталганынын жыйырма жылдыгына байланыштуу Азербайжан борбору Бакудагы бүгүнкү жүрүшкө 50 миңдей адам катышты. Азери бийликтеринин айтымында, 1992-жылы Карабахтагы Кожалы кыштагына Армениянын аскерлери кол салганда 613 адамдын өмүрү кыйылган. Азери тарап бул окуяны “геноцид” деп мүнөздөгөнү менен армяндар мындай баага караманча каршы.

Карабах согушу башталганынын жыйырма жылдыгы бүгүн Түркияда да белгиленди.

Стамбул шаарындагы жүрүшкө 20 миңден 50 миңге чейин адам катышкан. Түркиянын ички иштер министри Идрис Сахин митингде улутчул маанайдагы сөз сүйлөдү.

Азербайжан эгер сүйлөшүүлөр аларды канааттандырган жыйынтык бербесе, Тоолуу Карабахты кайтарып алуу үчүн Арменияга каршы күч колдоно аларын буга чейин бир нече ирет айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG